Бишкектеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки адамды мыкаачылык менен сабагандар изделүүдө (фото, видео)

Бишкектеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки адамды мыкаачылык менен сабагандар изделүүдө (фото, видео)

Бишкекттин Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки адамды мыкаачылык менен сабагандардын сүрөтү жарыяланды.

Бишкек шаардык милициясы тарткан маалыматка караганда, шектүүлөр 1985-жылы туулган  Бапышов Жаныбек Сейитбекович жана 1999-жылы туулган  Сейитбеков Калысбек Сейитбекович аттуу жарандар экени белгилүү болду. Милиция изделип жаткан адамдарды  тааныгандар болсо кабарлап коюуну өтүнөт.

Буга чейин интернетке «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан белгисиз эки адам бир адамды мыкаачылык менен сабап жаткандагы видео интернетке жарыяланган. 

28-август күнү Ленин райондук милициясына Д.М. аттуу аял киши кайрылып, эртең мененки саат 7.00дөрдө «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан  күйөөсүн сабап, из жашырып кеткендерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Жаракат алган адам  тез жардам Улуттук госпиталга жеткирилген.

Аталган факт Кылмыш жаза кодексинин 39-130 (өлүмгө жеткирүү) беренеси менен  Кылмыштардын жана жоруктардын биридктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>