Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу токтотулат — тизме

Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу токтотулат — тизме

«Эне-Сай» суу кампасындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын бир катар жерлеринде иче турган суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 19-ноябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки 17:00гө чейин «Энесай», «Дордой – 1» жана «Дордой – 2» кичи райондорунда таза суу убактылуу токтотот. Ошондой эле, төмөнкү даректерде да таза суу убактылуу өчүрүлөт:

№9 Үй-бүлөлүк медицина борборунда;

№21, №94 мектепте;

Орхон 2, 2а, 4 көчөсүндөгү жеке бала бакчасында;

«Бегимай Дордой» жеке бала бакчасында;

№21 муниципалдык аймактык башкармасында;

№20 китепканада;

№6, №7 милиция бөлүмүндө;

Свердлов райондук коомдук алдын алуу борборунда.

Ичүүчү суу өчүрүлө тургандыгына байланыштуу шаардык бала бакчалар жана мектептер иштебейт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>