Бишкектин борборунда сентябрдын аягына чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин борборунда сентябрдын аягына чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкекте сентябрдын аягына чейин митинг жана ар түрдүү акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрда Бишкек шаардык мэриясына караштуу Биринчи Май райондук акимчилиги сотко шаардын борборунда ар түркүн массалык иш-чараларды, митингдерди өткөрүүгө чектөө киргизүү боюнча арыз менен кайрылган.

«Биринчи Май райондук соту 17-сентябрдан 30-сентябрга чейин тынчтык митингдерин өткөрүү Боталиев көчөсү менен Щербаков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан скверге жылдырылсын», — деген чечим чыгарылганы жазылат аталган мекеменин маалыматында.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>