Бишкектин тургунунан виза ачып берем деп 1200$ алган 25 жаштагы жаран үй камагына алынды

Бишкектин тургунунан виза ачып берем деп 1200$ алган 25 жаштагы жаран үй камагына алынды

Шенген визасын алганга жардам берем деп 1 миң 200 доллар акча каражатын алып, бүгүнкү күнгө чейин жашынып жүргөн 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук соту кармалган жаранды үй камагына алуу чечимин чыгарды. 11-ноябрда Октябрь РИИБине М.К. аттуу Бишкек шаарынын  тургуну арыз менен кайрылган. Ал ушул жылдын 23-майында Шенген визасын алганга жардам берем  деп каражатын алып, качып жүргөн Ж. Ж аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө иштеринин алкагында шектүү катары 1994-жылы туулган Ж. Ж. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Октябрь райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда айыпталуучунун мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендигин аныктоо максатында кошумча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>