Бизнес-акыйкатчынын орун басарлары дайындалды

Бизнес-акыйкатчынын орун басарлары дайындалды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысынын эки жаңы орун басары менен тааныштырды.

Абылгазиев бизнес жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында чогулгандарга Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд Смитти тааныштырды.

Андан тышкары, жаңыдан дайындалган эки орун басарды тааныштырды, алар — Сергей Пономарев менен Улан Мусуралиев.

«Бүгүн эки орун басар дайындалды, алар биздин жарандар», — деп билдирди өкмөт башчысы.

Бизнес-акыйкатчыны түзүү үчүн 1.5 млн евро каражат коротулат. Акчаны Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы бермекчи.

Бул кызматка 100 адам арыз берген. Эки жолу болуп өткөн тандоо айлампаларынын жыйынтыгы менен 5 гана талапкер калган.

Айта кетсек, өткөн жылдын августь айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнес-акыйкатчы институту түзүү демилгесин көтөрүп чыккан. Ал эми ушул жылдын январь айында бул кызматты түзүү үчүн атайын токтомго кол койгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>