Блогер «Sydyman» камакка алынды

Блогер «Sydyman» камакка алынды

Блогер Элмир Сыдыманов Бишкек шардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  1997-жылы туулган Элмир Сыдыманов Жазык кодексинин 313-беренесинин («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу»)  негизинде кармалган.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иштери башталып, шектүү камакка алынган.

Белгилей кетсек, “Sydyman” деген ат менен белгилүү Элмир Сыдыманов  өзүнүн “Инстаграм” баракчасынын түз эфиринде Кыргызстандын айрым облус тургундары жөнүндө терс пикирин айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>