Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Бүгүн, 24-декабрда Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Белгилүү кинорежиссер менен коштошуу үчүн туугандары, маданият кызматкерлери, жакын санаалаштары жана саясатчылар келишүүдө.

Кыргыз-совет кинорежиссеру, СССРдин Эл артисти, Кыргыз Эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты  Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзеде төрөлгөн.

Ал «Караш-Караш окуясы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Сүйүү жаңырыгы», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан» жана башка көркөм тасмаларды тарткан.

сүрөт: akipress.org

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>