Боом капчыгайында 8 вагон рельстен чыгып кетти

Боом капчыгайында 8 вагон рельстен чыгып кетти

Балыкчы — Жел-арык темир жол участогунда 8 жүк ташуучу вагон рельстен чыгып кетти. Кырсыктан улам аталган участок убактылуу жабылганын, Кыргыз темир жолу ишканасынан бирдиришти.

Учурда кырсыктын себептери такталууда жана темир жол кыймылын калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан жапа чеккендер жана жабыркагандар болгон эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>