Боронов Солтон-Сарыга барып, эл менен жолугушууда (сүрөт)

Боронов Солтон-Сарыга барып, эл менен жолугушууда (сүрөт)

Бүгүн, 25-июлда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Нарындагы Солтон-Сары кенине барды. Бул тууралуу Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын малымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Боронов Солтон-Сары кенинде кытайлык компания куруп жаткан кен иштетүүчү комбинаттын курулушу менен таанышып жатат. Андан кийин жергиликтүү эл менен жолугушары өткөрүүдө. Жолугушууда ал Солтон-Сары жайлоосунан алынган топурак, суу жана жайлоодон өлгөн малдын анализдеринин жыйынтыгы айтылат.

Белгилей кетсек, 15-июлда Солтон-Сары жайлоосунда “кытайылк компания жүргүзгөн жардыруудан кийин  майда мал жандыктар өлүп жатат” деп, малчылар билдиришкен. Алар кенчилердин ишине нааразы болуп президентке да кат жолдошуп, кытайлык компаниянын ишин токтотууну талап кылышкан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>