БШКнын төрайымы Оштогу партия лидерлери жолугуп, меморандумга кол койду

БШКнын төрайымы Оштогу партия лидерлери жолугуп, меморандумга кол койду

Бүгүн, 14-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ош шаарындагы партиялардын лидерлери менен жолугушуп жатат. Анда БШКнын жетекчиси  шайлоо учурунда бир катар тартиптерди сактоо керектигин партия төрагаларына эскертти.

Андан кийин Шайлдабекова Ош шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан партиялардын лидери менен меморандумга кол койду.

Кол коюлган убакыттан тартып күчүнө кире турган меморандум, партияларды шайлоо өнөктүгүндө ыпылас иштерге барбоо, атаандаш партияны каралабоо, туура эмес маалыматтарды таркатпоо, шайлоодо туугандарын, жакындарын колдонбоо, Конституцияны, шайлоо боюнча мыйзамдарды сактоого милдеттендирет.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 12- апрелинде өтөт. Анда 9 партия ат салышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>