Быйыл Кыргызстандыктарды ажылыкка сауд арабиялык авиакомпания ташыйт

Быйыл Кыргызстандыктарды ажылыкка сауд арабиялык авиакомпания ташыйт

Ажылыкка абара турган кыргызстандын жарандарын ташый турган авиакомпаниялар ортосунда жарыяланган сынак аягына чыкты. Бул тууралуу Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Конкурстун жыйынтыгында 2020-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандап алышты.

Ал эми «Flaynas» авиакомпаниясы талаптарда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерин сунуштап, эки тараптуу талкуунун жүргүзүшүндө тараптар кыргызстандык ажыларды ташуунун наркын 1550 АКШ доллары бойдон калтырышты.

Эскерте кетсек, 2019-жылы дагы авиабилеттин наркы 1550 АКШ доллары болгон.

Жолугушуунун соңунда  тараптар 2020-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп,

Жыл башында Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга быйыл 6110 квота бөлгөнү белгилүү болгон

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>