Быйыл Лейлек районунда кылкандуу дан эгиндер мол түшүм берди

Быйыл Лейлек районунда кылкандуу дан эгиндер мол түшүм берди

Лейлек районунда 18 миң гектардан ашуун жерге эгилген кылкандуу дан эгиндери жыйналууда. Аба ырайынын жаанчыл болгонунан дыйкандар кайрак жерден да бул жылы мол түшүм алышууда. 

Былтыркы жылы гектарынан 15 центнер буудай алынган болсо, быйыл 18 центнерге чейин түшүм берген. Буга кылкандуу дан эгиндеринин жаңы сортторун эгүү да себеп болгон. 

Район боюнча оруп-жыйноо иштерине 46 комбайн тартылып техника жагынан тартыштык жок экенин район акими билдирди. Бүгүнкү күндө 70 пайыздан ашуун жер аянтындагы дан эгиндери жыйналып бүттү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>