
17:27, 28.06.19
“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдыктар башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган майрамды өткөрүү тууралуу даярдык боюнча кеңешмени бүгүн, 28-июнда вице-премьер Алтынай Өмүрбекова өткөрдү.
Кеңешменин катышуучулары маанилүү күндү белгилөө боюнча иш-чаралардын планын жактырышып, бир катар максаттарды аныкташты.
Майрамдык иш-чаралардын алкагында илимий-практикалык конференция, “Кел кыргызча сүйлөйлү” жаштар акциясын, флэш-мобдорду, мектеп окуучулары арасында кыргыз тилинин жашоодогу ролу жөнүндө эссе сынактарын жана бир катар башка иш-чараларды өткөрүү пландалууда.