Чүйдө 43 жаштагы киши жарандык никедеги аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Чүйдө 43 жаштагы киши жарандык никедеги аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Чүйдө 43 жаштагы киши жарандык никеде жашап жүргөн аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек 43 жаштагы аялдын сөөгү июль айынын аягында Аламүдүн районунун Ак-Жар конушундагы үйлөрдүн биринен табылган. Анын денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери болгон.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде, жашырышып жүргөн шектүү 9-октябрда колго түшкөн.

Бул факты  Жазык кодексиндеги “адам өлтүрүү” беренеси менен Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Кармалган жаран Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>