•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Чүйдө кара куурайды жок кылуу иштери жүрүүдө

Чүй райондук ИИБ кызматкерлери айыл өкмөтү менен биргеликте жапайы кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган облустук милиция башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери короолорду жана кара куурай өскөн жайларды кыдырып чыгышкан.Жыйынтыгында Чүй айылынынын түштүк жагында 0,20 гектар  жана Жаңы-Чек айылында 0,30 гектар жерде жапайы кара куурай талаалары табылган. Милиция кызматкерлери жергиликтүү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте табылган кара куурайды жок кылышкан.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *