Чүй милициясынын жетекчисин дарылоо үчүн Москвага алып кетишти

Чүй милициясынын жетекчисин дарылоо үчүн Москвага алып кетишти

Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловду Москвага алып кетишти. Эми анын дарылануусу Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунда улантылат.

11-августта Москвадагы Бурденко борборунан Бишкекке келген нейрохирург жана реаниматологдор Курманкуловго кайрадан нейрохирургиялык операция жасоонун кереги жок деген чечим чыгарышкан.

Москвада бейтапты терапия жолу менен дарылоо аркылуу комадан чыгаруу аракеттери көрлмөкчү.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда башына таш тийип жараат алган. Буга чейин Самат Курманкуловдун башына эки жолу операция жасалса да абалы өзгөргөн эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>