Бүгүн Чүй облустук сотунда Садыр Жапаровдун иши каралат

Бүгүн Чүй облустук сотунда Садыр Жапаровдун иши каралат

Бүгүн Чүй облустук сотунда парламенттин мурдагы депутат Садыр Жапаровдун иши боюнча апелляциялык даттануу каралат.

Жактоочу Шарабидин Токтосунов буга чейин билдиргендей, саат 11:00гө белгиленген соттук отурум мыйзам чегинде каралса анда Жапаров эркиндикке чыгышы мүмкүн.

Быйыл күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык Жапаровдун иши өтө оор кылмыштан оор кылмышка кирип, айыптоодогу бир берене алынып салынган. Ал эми  2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга ылайык, анын жазасынын үчтөн бири, үч жыл төрт айы кыскарышы керек. Буга чейин отурган 6 жылдан ашык убактысына кыскарган 3 жыл 4 айы кошулуп ал мыйзамга ылайык эркиндикке чыгышы керек.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингде Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди “барымтага алган” деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынып,  11 жыл алты айга кесилген. Ушул жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>