Чүй районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду

Чүй районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду

Бүгүн, 14-февралда Чүй облусунун Чүй районун Чүй айылынын Бугрянка көчөсүндө лексус унаасы жолдон чыгып, оодарылып арыкка түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам каза болуп, 3 эркек адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге Токмок шаардык №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн куткаруучу топ тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышкан. Алар каза болгондорду жана жабыркагандарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>