Чүйдө 11 жаштагы бала өз үйүндөгү сарайында муунуп каза болду

Чүйдө 11 жаштагы бала өз үйүндөгү сарайында муунуп каза болду

Чүй районунда 11 жаштагы өспүрүм өзүнүн үйүндөгү сарайга кирип муунуп алган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя  26-ноябрь күнү болжол менен саат 17:03 чамасында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болгон. Ал 2008-жылы туулган К.Н. аттуу жаран экендигин аныкташкан.

Денесиненен  моюнундагы жиптен башка зордук-зомбулук аныкталган эмес.

Учурда бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Маркум Чүй районундагы орто мектептердин биринде 5-класста окучу жана жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгону маалым болгон. Милиция кызматкерлери экспертизаларды дайындап, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>