Чүйдө 70 жаштагы кемпирди бычак менен коркутуп, тоноп кеткен адам кармалды

Чүйдө 70 жаштагы кемпирди бычак менен коркутуп, тоноп кеткен адам кармалды

70 жаштагы аялды бычак менен коруктуп акчасын жана баалу буюмдарын тоноп кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аялдын үйү тонолдгону тууралуу маалымат милицияга 18-февралда түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам топ кылмышкер  бет капчан барып,  аялды бычак менен коркутуп, акча жана алтын жасалгаларын алып, качып кеткенин аныктаган.

Бул факт Жазык кодексиндеги 202-берене (“Каракчылык”) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну А.С. колго түшкөн.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык шектүү февраль айынын башында пенсионердин үйүн сатып алмакчы болуп барып, кылмыш ишин пландаштырган.

Учурда кармалган адам №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>