Чүйдө карызы үчүн аялды өлтүрүүгө шектелген эки жаран кармалды

Чүйдө карызы үчүн аялды өлтүрүүгө шектелген эки жаран кармалды

Чүй облусунда аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган облустун милициясынан билдиришти.

4- мартта Жайыл районунун ички иштер органына дарыядан аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, аял 40-45 жаштарда экенин аныкташкан. Маркумдун денесинин зордук- зомбулуктун белгилерин табышкан.

Бул факты «киши өлтүрүү» беренеси менен Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кийинчерээк
маркумдун өздүгү такталып, ал 48 жаштагы И.С. аттуу аял экени аныкталган.

Ыкчам- иликтөө тобунун иштеринин алкагында аялды өлтүрүүгө шектелип, 28 жаштагы эки жаран кармалды. Алар СИЗОго киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча аялга бир шектүүнүн чоң суммадагы карызы болгон. Ошол себептен ал ушундай жолго барган.

Милициянын белгилешинче, аялды унаанын ичинен өлтүрүп, шектүүлөр из жашырып кетүү үчүн сөөктү дарыяга ыргытып жиберишкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>