Чүйдө колу керебетке таңылган кыз табылды

Чүйдө колу керебетке таңылган кыз табылды

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы үйлөрдүн биринде колу керебетке байланган 9 жашар кыз табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, өспүрүм кыз 26-июлда жашоо шарты оор үй-бүлөдө тарбияланган балдарга карата атайын рейд учурунда табылган. Териштирүү учруунда кызды теанеси укпаганы үчүн 14 жаштагы эжесине байлатып салганын айткан.

Кыздын атасы 8 жыл мурун каза болгону, ал эми апасы шаарга иштегени кеткен бойдон дайыны чыкпай жатканы белгилүү болгон. Учурда өспүрүм Бишкектеги Балдарды коргоо борборуна алынып келинген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>