Чүйдө кудуктан эркек кишинин сөөгү табылды

Чүйдө кудуктан эркек кишинин сөөгү табылды

Аламүдүн районуна караштуу Энергетик шаарчасында турак үйдүн жанындагы кудуктан белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Белгисиз адамдын сөөгү кудукта жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн соң төрт куткаруучу айтылган дарекке барып, ичиндеги эркек кишинин сөөгүн алып чыгышкан.

Андан соң маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>