Чүйдө түтүк аркылуу Казакстандан күйүүчү май сордуруп жүргөндөр кармалды

Чүйдө түтүк аркылуу Казакстандан күйүүчү май сордуруп жүргөндөр кармалды

Чүй облусунун Кең Булун айылында Казакстандан аймагынан түтүк менен мыйзамсыз түрдө күйүүчү май сордуруп жүргөн адамдар аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган айылдын аймагынан үч чакырымдык түтүк менен жердин асты менен  коңшу өлкөдөн бензинди өлкө аймагына өткөрүп турушкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал аркылуу  күнүнө 100 тоннага жакын май келип турган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктиүү реестрине катталып, келтирилген чыгым эсептелип жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>