Чүйдө темир жол өткөрмө жайдагы кырсыктан бир киши өлүп, 12си жаракат алды

Чүйдө темир жол өткөрмө жайдагы кырсыктан бир киши өлүп, 12си жаракат алды

Чүй облусунун Москва районунда Петровка – Нарзан темир жол өткөрмө жайында поезд менен «Мерседес Спринтер» автоунаасы катышкан жол кырсыгынан бир аял киши мерт болуп, 12 адам жараат алды. Алардын баары тең кичи автобустун жүргүнчүлөрү. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Жараат алгандардын бешөө эркек, үчөө аял киши жана төртөө бала. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдады.

«Кырсык «Мерседес Спринтер» кичи автобусунун айдоочусу коопсуздук аралыгын сактабаганы үчүн болгон. Ал түштүктөн түндүккө карай баратып темир жолдо поезд келип калганын байкабай калган», — деди Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Тилек Исаев.

Жол кырсыгы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да маалымат берип, куткаруучулар окуядан кийин кичи автобустун ичинде калып калган адамдарды чыгарып, «Тез жардам» кызматына өткөрүп беришкенин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>