Чүйдө унаасына жасалма уруксат кагаз тагып алган адам кармалды

Чүйдө унаасына жасалма уруксат кагаз тагып алган адам кармалды

Чүйдө унаасына жасалма өткөрмө барак (пропуск) тагып алган адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет.

Кармалган адам Чүй облусунун 49 жаштагы тургуну болгон.  Ал 30-март күнү Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында жайгашкан санитардык-карантиндик постунан өтмөкчү болгон.

Азыркы учурда автоунаа убактылуу айып токтомго жайына киргизилип, айдоочуга карата Жазык Кодексинин 171-беренеси менен иш козголгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>