Чүй ОИИБ: Восточное айылындагы жаңжал суу талаштын айынын чыккан

Чүй ОИИБ: Восточное айылындагы жаңжал суу талаштын айынын чыккан

Восточное айылындагы жергиликтүүлөрдүн мушташы суу талаштын айынан келип чыккан. Чүй облустук милициясынан билдиргендей, муну улут аралык жаңжал деп атоого негиз жок.

Мушташ тууралуу билдирүү аймактык милициянын нөөмөт бөлүмүнө 10-июлда саат 11:05тер чамасында келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам топ, жаңжалдын турмуштук жагдайлардан улам келип чыкканын аныкташкан. Мушташтын кесепетинен 3 киши жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Бул факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбашчылык» беренеси менен каттоого алынып, кылмыш ишке 2 адам шектелип жатат. Алардын бири ооруканага жаткырылса бири убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>