•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАР

Чүйдө “Коопсуз шаардын” камерасын аткылап кетишти

Бишкек-Торугарт унаа жолуно орнотулган “Коопсуз шаардын” камерасын белгисиз адамдар аткылап кетишти. Чүй облустук милициянын маалыматына карганда окуя бүгүн, 25-июнда эрте менен болгон.

Камеранын талкалангандыгы тууралуу болжол менен саат 10:56да Аламүдүн райондук милицияга билдирүү түшкөн. Окуя болгон жеге барган милиция кызматкерлери камераны кимдир бирөө курал менен аткылап кетишкенин аныкташкан.

Учурда бул факт кылмыштардын  бирдиктүү реестринде катталып, кылмышта жасагандарды аныктоо иштери аткарылууда.

Айта кетсек, 14-апрелде да Кемин районундагы Бишкек-Торугарт унаа-жолуна коюлган камераны белгисиз адамдын аткылап кеткени катталган.

 

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *