«Чек ара» коомдук бирикмесинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев камалды

«Чек ара» коомдук бирикмесинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев камалды

«Чек ара» коомдук бирикмесинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев камакка алынды. Бул тууралу аталган бирикменин мүчөсү, жарандык активист  Гүлжигит  Исаков жазып чыкты.

Активисттин айтымында Сапарали Бөрүбаев атайын  буйрутманын негизинде кармалган.

Сапарали Бөрүбаев Катраң айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин төрагасы экени белгилүү. Жакында эле ал кесиптеши Нурдин Дүйшебаев менен мушташа кеткени тууралуу маалымат тараган.

Бирок Сапарали Бөрүбаев кесиптеши менен кайым айтышуу болгонун айтып, мушташ болду деген маалыматты четке каккан.

Ал эми Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы Сапарали Бөрүбаев кармалышын ээнбаштык фактысы менен байланыштырды.

“12-февраль күнү Нурдин Дүйшебаев милицияга кайрылып, Сапарали Бөрүбаев аны  жерге жаткырып алып, уруп денесине зыян келтиргендиги боюнча арызданган. Бул факты “ээнбаштык катары катталып,  14-февралда шектүү камакка алынган”, — деп билдирди мекемеден.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>