Чек ара кызматы: Тажик тарап такталбаган жерде курулуш ишин улантууда

Чек ара кызматы: Тажик тарап такталбаган жерде курулуш ишин улантууда

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде такталбаган  жерге тажик тарап курулуш иштерди жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ал эми кыргыз тарап Кок-Таш – Аксай жолун асфальттап, Аксай айылынын Дача жергесинде чек ара постун куруп жатат.

Учурда чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары мамлекекттик чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өтүштү. Ош-Баткен-Исфана унаажолу транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн ачык. 

Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде, чек ара тарамдарын жана башка мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоодо.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>