Чек ара жаңжалы. Жеңиш Разаков Тажикстандын вице-премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Чек ара жаңжалы. Жеңиш Разаков Тажикстандын вице-премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Баткен облусунда болгон окуядан кийин кырдаалдын курчушуна алып келбөө, ошондой эле кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо боюнча комплекстүү чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Чек арага чектеш аймактардагы чыңалууну жоюу боюнча эки жакка бирдей болгон чараларды кабыл алуу маанилүү экенин айтышты.

Эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторуна 2020-жылдын январь айында Кыргызстандын аймагында кезектеги жолугушууну өткөрүү тапшырмасын беришти.

Ошондой эле тараптар биргеликте окуяны ар тараптуу иликтөөнү өткөрүү тууралуу макулдашышты.

Эки тарап тең чек арага чектеш аймактарда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>