Чек ара жаңжалы: Жергиликтүү эл коопсуз жайга чыгарылды

Чек ара жаңжалы: Жергиликтүү эл коопсуз жайга чыгарылды

Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу милиция жергиликтүү элди коопсуз аймакка чыгарды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Учурда облустук, райондук миилция кызматкерлери жана Ички коопсуздук аскер кызматынын жоокерлери күчөтүлгөн режимде чек ара кызматы менен бирдикте коомдук тартипти көзөмөлгө алышып, жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иш чараларды жүргүзүүдө. Түнү менен милиция кызматкерлери тарабынан Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары ошол эле айылда жайгашкан орто мектептин имаратына убактылуу көчүрүлдү ”, — деп жазылат министрликтин маалыматында.

ИИМден кошумчалагандай, облустагы коомдук саясий абалды турукташтыруу, коомдук тартипти сактоо жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Баткен облусуна барган.

Белгилей кестек, 10-январга караган түнү кыргыз тажик чек арасында жаңжал чыгып, тажиктер тарабынан бир нече жолу ок атылган. Коңшу өлкөнүн жарандары кыргыздардын унаасын жана үйлөрүнө таш ыргытышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>