Чек ара жабык. Өкмөттүн шаштысын кетирген коронавирус

Чек ара жабык. Өкмөттүн шаштысын кетирген коронавирус

Коронавирус инфекциясы дүйнөнү тынчсыздандырууда. Аталган инфекция учурда өтө тездик менен жайылууда. Бул вируска байланыштуу Кытай менен болгон чек аранын жабылышы кыргыз экономикасына бир топ таасирин тийгизүүдө.

4-мартта Өкмөт үйүндө коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу маселелери боюнча селектордук кеңешме өттү. Анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавирус инфекциясы чыкса, ата мекендик экономика үчүн белгилүү бир кесепеттерди алып келерин жана бардык тобокелдиктерди кыскартуу керектигин айтты.

[su_quote]Биз бардык тобокелдиктердин алдын алуу жана азайтуу үчүн антикризистик иш-чаралар планын иштеп чыгышыбыз зарыл. Биздин товар жүгүртүүнүн бештен бир бөлүгү Кытайга туура келерин эске алуу керек. Басымдуу бөлүгүн коңшу өлкөлөрдөн товарларды импорттоо түзөт. Ошондуктан биз кесепетин азайтуу үчүн эпидемиологиялык кырдаалдын бизнес чөйрөгө таасирине терең талдоо жүргүзүүбүз кажет. Бул үчүн альтернативдик рынокторду издөө иштерин күчөтүп, бизнести колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу керек.[/su_quote]

Өкмөт башчы белгилегендей, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жетектеген антикризистик иш-чаралар боюнча штабдын иши эки негизги багыт боюнча жүрүшү абзел.

[su_quote]Биринчиси – зарыл азык-түлүктөр менен тиешелүү көлөмдө камсыздоо маселеси. Ар дайым жакшыны ойлоп, бирок түрдүү жагдайларга даяр болуу керек. Биз азыктардын болгон камына талдоо жүргүзүп, кайсы товарды, кайдан, кандай баада жана канча мөөнөттө өлкөгө ташып келүүгө болору тууралуу так билишибиз керек. Экинчиси – Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн көлөмү түшүүдө. Мындан тышкары чек араны жабуу аймактагы өнөр жай ишканаларынын, биринчи кезекте кытайлардын катышуусундагылардын ишине дагы таасир берет. Башкача айтканда, коронавируска байланыштуу жагдай бюджет жана экономика үчүн кандайдыр бир аныксыздыкты жаратууда. Ошондуктан айылдык кеңештердин, акимдердин жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн алдында мындай ар бир объекттеги абалды изилдөө, тигил же бул маселелерди чечүүнү ыкчам көтөрүү милдети турат. Убактылуу өлкөдөн кетишип, кайра жумуш ордуна келе албай калган Кытай жарандары иштеген объекттер бар. Жолдорду жана башка инфраструктуралык жана өнөр жай объекттеринин курулушу тууралуу сөз болуп жатат. Кыска мөөнөттө бул объекттерде ишти улантууну шарттаган чаралар иштелип чыгышы керек. Зарылдыгына жараша башка адистер тартылышы кажет.[/su_quote]

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавирустун алдын алууга жардам берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук 4-мартта президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирген.

Аталган банк 1992-жылдан бери Кыргызстандын негизги донорлорунун бири.

[su_quote]Коронавирус менен күрөшүүдө өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам бериш үчүн атайын фонд түзүүнү пландап жатабыз, анын алкагында Кыргызстан менен да кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн караштырууга даярбыз.[/su_quote]

Өкмөт башчы Айыл чарба министрине продукцияларды ташып чыгарууга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын, ал эми Тышкы иштер министрине элчиликтер менен тыгыз иш алып баруу жана чет жактагы кыргызстандыктардан тез-тез кабар алып туруу тапшырмасын берди.

Бишкектеги «Дордой», «Жунхай» базарларында товардын запасы түгөнүп, баа көтөрүлүүдө. Мындай маалымат “REPORTER.KG“ агенттиги Жунхай базарына барып, Кытайдан товар алып келип иштеген ишкерлерге чек ара ачылганга чейин товардын запасы жетеби? Баа көтөрүлгөн жокпу? Кайсы товарлардын запасы түгөнүүдө? деген сурамжылообуздун жыйынтыгында белгилүү болду.

Базарда соода кылган ишкерлер буларга токтолду:

[su_quote]Жыл сайын Кытайдын жаңы жылы алдында товарларды запастап алабыз. Азыр товарлардын кээ бир түрү жок калса, айрымдары аз калды. Кыргыз-Кытай чек арасы жакын арада ачылбаса баа дагы көтөрүлөт. Эгер товар жок калса, орундуктарыбызды жаап кеткенге туура келет. Анткени башка мамлекеттерден товарды импорттоп келүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок.[/su_quote]

Өкмөт экономикалык жоготууларды азайтуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу үчүн эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүнү активдештирүү керектигин белгиледи.

Ушул жылы коронавирус илдети дүйнөлүк экономиканы 1 трлн доллар жоготууга алып келет. Мындай эсептөөнү Oxford Economics жүргүзгөн. Алар бул ооруну «кыска мөөнөттүү курч оору»  деп аташты.  Ошондой эле АКШ  менен Европа аймактарында  дагы экономикалык түшүү болорун аныкташкан.

Oxford Economics  эки башка эсептөө жүргүзүп көрүшкөн. Эгерде коронавирус Азияны гана каптай турган болсо, дүйнөлүк экономика 0,4 трлн доллар жоготууга дуушар болот. Башкача айтканда, ички дүң өнүмдүн 0,5 пайызын төмөндөтөт.

Дүйнөнү каптап жаткан бул вирус туризм тармагын дагы аксатат. Анткени эс алуучулар карантинден башка өлкөлөргө барып эс алууга мүмкүнчүлүктөрү жок болот.

Маалымат үчүн:

Кытайда 5-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 80 миң 409 адам жабыркаса, 3 миң 11 адам каза болду. Вирусту жуктуруп алгандардан 49 миң 856сы айыкты.

Коронавирустун экинчи очогу болгон Түштүк Кореяда 5 миң 621 адам жабыркап, 35 жаран көз жумду. Италияда 107 адам илдеттен каза таап, аны жугузуп алгандар 3 миң 89. Иранда Кытайдан тараган бул инфекцияга кабылган 2 миң 922, 92си көз жумду.

Статистикалык маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча коронавирустан жалпы 95 миң 266 адам жабыркап жатса, каза болгондор 3 миң 285ке жетти. Ал эми айыккандар 53 миң 219 адамды түзөт.

Бүгүнкү күнгө карата бул илдет Антрактидадан башка бардык материктерде же дүйнөнүн 76 өлкөсүндө табылды. Буга каршы вакцинаса табыла элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>