•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Түркиянын жараны кармалды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар-автоунаа жол” текшерип-өткөрүү бекетинен жасалма документ менен өлкө аймагына кирүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам 1983-жылы Казакстанда туулган Түркиянын жараны болгон.

Бул факты боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Улуттук коопсуздук комитетинин  аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *