Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Түркиянын жараны кармалды

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Түркиянын жараны кармалды

Кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар-автоунаа жол» текшерип-өткөрүү бекетинен жасалма документ менен өлкө аймагына кирүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам 1983-жылы Казакстанда туулган Түркиянын жараны болгон.

Бул факты боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Улуттук коопсуздук комитетинин  аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>