Чек арадан поезддин вагонуна жашынып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Чек арадан поезддин вагонуна жашынып өтүүгө аракет кылган адам кармалды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кайыңды—темир жол”  көзөмөл-өткөрмө пунктунан чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет жасаган Орусиялык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

“48 жаштагы Орусиянын жараны 17-ноябрдь күнү жүк ташуучу поезддин вагонуна жашынып өтүүгө аракет кылган учурда кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Чек арачылар кармалган жарандын үстүнөн тийиштүү документтерди толтургандан кийин аны ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>