Чет өлкөлөрдө 1633 кыргызстандык түрмөдө отурат

Чет өлкөлөрдө 1633 кыргызстандык түрмөдө отурат

Кыргызстандын 1633 жараны чет өлкөлөрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылып, жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдирди.

Алардын ичинен 1400 киши Орусияда, Казактанда 104, Тажикстанда 24, Өзбекстанда 33, Кытайда 13, Түркияда 8 киши абакта отурат. Мындан сырткары башка мамлекеттерде 1-3 жаран бар.

Имангазиев белгилегендей, чет өкөдө абакка кесилегендер ТИМ менен Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө турат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>