Чоң-Алайда катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти

Чоң-Алайда катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагында катуу шамал 6 турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 22-декабрда болгон.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Чоң-Алай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы барган.

Учурда материалдык чыгымдын суммасы такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>