Чолпонбаев: Төрагалар кеңешинин отурумуна Текебаев катышкан жок

Чолпонбаев: Төрагалар кеңешинин отурумуна Текебаев катышкан жок

Жогорку Кеңештин экс-спикерлери тарабынан түзүлгөн Төрагалар кеңешинин 5-октябрда өткөн отурумуна саясатчы Өмүрбек Текебаев катышкан жок. Бул тууралуу Репортер агенттигине аталган кеңештин мүчөсү, экс-спикер Мукар Чолпонбаев билдирди.

“Бардык эле экс-спикерлер чакырылган экен, бирок 12 адам катышты. Өмүрбек Текебав катышкан жок”, — деди Чолпонбаев.

Ошондой эле экс-төрага кечээки отурумда талкууланган маселелерге учкай токтолуп өттү.

“Биз учурдагы төрагага буйрук бере албайт экенбиз. Болгону бир катар сунуштарды гана айттык. Негизинен чек арада болуп жаткан маселелер боюнча таарынычыбызды айттык. Мындан сырткары алдыдагы парламенттик шайлоо  боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн азыркы төрагага сунуштарды айтып, эгер ушул мыйзамдар менен өтсө анда кийинки чакырылыштагы парламент мындан жаман болорун кулак кагыш кылдык”, — деди Чолпонбаев.

Төрагалар кеңешини алгачкы отуруму март айында болгон. Ага Адахан Мадумаров, Чыныбай Турсунбеков жана ошол кезде камакта отурган Өмүрбек Текебаевден сырткары 13 адам катышкан.

4-июлда Жогорку Кеңештин мурдагы 11 төрагасы Атамбаевдин айланасында болуп жаткан саясий кырдаал боюнча билдирүү жасашып, мурдагы президентке бир катар сындарды айтышкан.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери (Исках Масалиевди кошкондо) Жогорку Кеңешти 18 төрага жетектеген. Алардын арасынан Усуп Мукамбаевдин көзү өтүп кеткен.

Жогорку Кеңешти жетектеген бардык төрагалар:
Медеткан Шеримкулов (1990-1994),
Мукар Чолпонбаев (1995-1997),
Алмамбет Матубраимов (1995-1997),
Усуп Мукамбаев (1997-2000),
Абдыганы Эркебаев (1997-2000),
Алтай Бөрүбаев (2000-2005),
Ишенбай Кадырбеков (24-25- март 2005),
Муратбек Мукашев (24-25-март 2005),
Өмүрбек Текебаев (2005-2006)
Марат Султанов (2006-2007),
Адахан Мадумаров (2008),
Айтибай Тагаев (2008-2009),
Зайнидин Курманов (2009-2010),
Исхак Масалиев (7-8-апрель 2010),
Ахматбек Келдибеков (2010-2011),
Асылбек Жээнбеков (2011-2016),
Чыныбай Турсунбеков (2016-2017),
Дастан Жумабеков (2017- азкыр учурда).

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>