Чуулгандуу сүрөттөгү унаа кимге таандык экендиги айтылууда

Чуулгандуу сүрөттөгү унаа кимге таандык экендиги айтылууда

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетовго таандык болушу мүмкүн делген 578 АСD мамлекеттик номерлүү “Мерседес” үлгүсүндөгү унааны Чүй облустук прокуратуранын кызматкери башкарып бараткан. Бул тууралуу @svobodnyi_13 аттуу интернет колдонуучу твиттерге жазды.

Анда чуулгандуу сүрөттөгү адам 1991-жылы туулган Нурбек Болот экендиги, ал Аскар Акаевдин “кошелегу” атыккан Муратбек Малабаевдин тууганы болору айтылат.

Башкы прокуратура сүрөттөгү адам Нурбек Болот экендигин жана анын көзөмөл органында иштерин тастыктаган жок.

Социалдык тармактарда “Мерседес” үлгүсүндөгү унаанын айып короого токтотулганы тууралуу сүрөттөр жарыяланууда.

Буга чейин 578 АСD мамлекеттик номер менен жүргөн бир канча унаанын сүрөттөрү интернетке тараган. Аталган унаалар Алмаз Мамбетовго тиешелүү эмес экендигин Мамлекеттик каттоо кызматы билдирген. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы сүрөттөгү унаага издөө жарыялаган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>