Чыңгыз Айдарбеков Түрк кеңешинин ТИМ башчыларынын жыйынына катышат

Чыңгыз Айдарбеков Түрк кеңешинин ТИМ башчыларынын жыйынына катышат

Тышкы иштер министри (ТИМ) Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 14-октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка карагандай, жыйын Азербайжандын борбору Баку шаарында өтөт. Түрк кеңешинин жыйынына алгачкы жолу Өзбекстан менен Венгриянын Тышкы иштер министрлери да катышмакчы.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар ушул жылдын 15-октябрында өтө турган Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын Кеңешине даярдануу маселесин талкуулашат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>