Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Адамзаттын мугалими – Айтматов» аталышындагы китеп жарык көрдү

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата «Адамзаттын мугалими – Айтматов» аталышындагы китеп жарык көрдү

Бүгүн, 12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Эгерде жазуучунун көзү тирүү болгондо 91 жашка чыкмак. Залкар жазуучунун туулган күнүнө  карата Апилмажун Темиралиев «Адамзаттын мугалими – Айтматов» аталышындагы китебинин бет ачарын өткөрдү.

Автордун айтымында, «Адамзаттын мугалими – Айтматов» аталышындагы китеп 500 нускада жарык көрдү. Аталган китептин үстүнөн иштөөгө 7-8 жыл кетти. Китепте жазуучу тууралуу ырлар жана макала, аны менен жолуккан адамдардын маектери жана түстүү сүрөттөр камтылган. Китеп республика боюнча мектептерге жиберилет.

Темиралиев Чыңгыз Айтматов менен бир нече жолу жолугуп, аны менен көптөгөн жылдар бою бирге иштешкенин да баса белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>