Чыккынчылык үчүн соттолгон мурдагы премьер-министрдин уулу жатак абакка которулду

Чыккынчылык үчүн соттолгон мурдагы премьер-министрдин уулу жатак абакка которулду

Мамлекеттик чыккынчылык үчүн соттолгон мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу жатак абакка которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

«Алтынбек Муралиевдин жаза мөөнөтүн Жогорку сот 22 жылдан 10 жылга кыскарткан экен. Тергөө абагында отурган бир күнүн эки деп жана бизде отурган күндөрүн эспетегенде ал жазасынын үчтөн экисин өтөдү. Эми ал жатак абакта 3 жыл 2 ай жаза өтөйт”, — деди Сабатарова.

Сабатарова белгилегендей соттолгондорду жаатк абакка которуунун максаты — алардын коомго аралашуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берүү.

Өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Алтынбек Муралиев башка өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылган деген кине менен 2014-жылдын ноябрында камакка алынган.

2016-жылы майында Биринчи май райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Ушул эле жылдын сентябрь айында Бишкек шаардык соту аны 22 жылга кескен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>