Дүйнө биринчилигине тандо: Бүгүн “Ак шумкарлар” Тажикстандын курамасы менен беттешет

Дүйнө биринчилигине тандо: Бүгүн “Ак шумкарлар” Тажикстандын курамасы менен беттешет

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курмасы Тажикстандын командасы менен беттешет. Оюн Дүйшөмбү шаарында,  Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.

Аталган мелдеш футбол боюнча 2022-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна тандоо турунун алкагында өтөт.

Тажикстан менен ойногон ​Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасына 23 футболчу кирген, алардын үчөө дарбазачы.

Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Павел Матяш, Кутман Кадырбеков (баары – «Дордой» клубу)

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев («ПКНС», Малайзия), Мустафа Юсупов, Азамат Байматов, Александр Мищенко, Айзар Акматов (баары – «Дордой» клубу), Андрей Долженко («Илбирс» клубу);

Жарым коргоочулар: Ахлидин Исраилов, Бактияр Дүйшөбеков («Башундхара Кингз», Бангладеш), Эдгар Бернхардт («Кедах», Малайзия), Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Бекжан Сагынбаев (баары – «Дордой» клубу), Турсунали Рустамов («Хужанд» клубу, Тажикстан), Одилжон Абдурахманов («Алай» клубу), Алимардон Шукуров («Болуспор», Түркия);

Чабуулчулар:  Абай Боколеев («Илбирс» клубу), Виталий Люкс («Ульм 1846» клубу, Германия), Эрнист Батырканов («Дордой» клубу), Мирлан Мурзаев («Доган Т.Б.» клубу, Түндүк Кипр).

Башкы машыктыруучу: Александр Крестинин (Орусия)

17-июлда  Куала-Лумпур шаарында континенталдык биринчилик үчүн өткөн чүчүкулакта Кыргызстан ” F ” тайпасына түшкөн. Ага Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары бөлүнгөн.

Тайпалык баскычтын жыйынтыгы боюнча, ар бир тайпада биринчи орунду ээлеген 8 команда жана экинчи орунду ээлеген мыкты көрсөткүчү бар 4 команда 2023-жылы өтүүчү Азия Кубогуна жолдомо алат. Ошондой эле, командалар  Дүйнө биринчилигине жолдомо алуу боюнча беттешмекчи.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы алгачкы жолу 2018-жылдагы Азия кубогунда плей-оффко чыккан. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>