•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСПОРТ

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Бишкекке келди

Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы Күрөштө  дүйнө чемпиону болгон  кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекке келди.

Аны  “Манас” аэропортунан күйөрмандары жана президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баш болгон бийлик өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова кыздардын эркин күрөшүнөн б2 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан.

Ал 20-сантябрда өткөн финалдык беттеште Болгариялык балбан Тайбе Мустафа Юсейнди 5:3 эсеби менен жеңип, алтын медалга ээ болгон.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *