Коронавирус боюнча ачылган эсепке дарыгерлер маянасын которушууда делген маалымат жалган

Коронавирус боюнча ачылган эсепке дарыгерлер маянасын которушууда делген маалымат жалган

Дарыгерлер коронависка байланыштуу эсепке бир күндүк эмгек акысын которуп жатыптыр деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 24-марттагы брифинг учурунда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусунда, коомчулукта бир топ такталбаган маалыматтар тарап жатат.

“Дарыгерлер – биздин жарандар, мамлекет үчүн негизги ресурсубуз. Биз аларды сыйлайбыз жана баалайбыз. Медицина кызматкерлерин бардык жетишпеген нерселерин камсыздап беребиз. Биздин өмүрдү сактап калып жаткандарды кантип эмгек акыңарды бөлгүлө деп мажбурламак элек”, — деп белгиледи Акматова.

Мындан тышкары Акматова дарыгерлерди жеке коргоо каражаттары менен камсыздалышы тууралуу: Ош жана Жалал-Абад облустарына кечээ күнү 1200, бүгүн 1400 даана беткап жана көз айнек комплектери жөнөтүлгөнүн айтты.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>