•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

Дастан Жумабеков Германиянын шаарын дагы туура эмес айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Германиянын Франкфурт-на-Майне деген шаарын дагы туура эмес айтып алды.

Ал бул жолу спикер шаардын атын “Франкфурт-на-Маяне” деп окуп,  кайрадан интернет колдонуучуларынын талкуусуна түштү.

Дастан Жумабеков буга чейин да Германиянын шаарын туура эмес айтып, коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Мындан башка парламент жыйынында ”кулакка тээп, лапшаны илип” деп көчө лексикону менен сүйлөгөнү, Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда орусча текст окуганы жана акын Зайырбек Ажыматовго таандык ырды өзүмдүн ырым деп журналисттерге окуп бергени кызуу талкууга түшкөн.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *