Дастанбек Жумабеков: Бүгүнкү күндө кыргыз тилинде жазуу, сүйлөө биз күткөн абалда болбой жатат

Дастанбек Жумабеков: Бүгүнкү күндө кыргыз тилинде жазуу, сүйлөө биз күткөн абалда болбой жатат

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залында “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” аталышындагы илимий-тажрыйбалык конференция өтүп жатат.

Аталган конференцияны Жогорку Кеңеши менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы биргелешип өткөрүүдө. Иш-чарага төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, тиешелүү Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле тармактык адистер катышууда.

Жыйында төрага Дастан Жумабеков Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганына 30 жылдык мааракеси  менен куттуктады.

«Бул конференция Жогорку Кеңештин имаратында өтүп жатканынын өзгөчө себеби бар. Анткени кыргыз парламенти тарабынан кабыл алынган алгачкы тарыхый документтердин бири болуп саналат. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын долбоору 1989-жылы 12-чакырылыштагы Кыргыз СССР Жогорку советтер депутаттар тобунун демилгеси менен иштелип чыгып, жогорку жактан түшкөн саясий кысымдарга карабастан кабыл алынган. Ал тарыхый күн 23-сентябрь. Ошол учурдан бери Мамлекеттик тил катары белгиленип келет. Андан бери туура 30 жыл өттү. Бирок бүгүнкү күндө кыргыз тилинде жазуу, сүйлөө биз күткөн абалда болбой жатат. Тилди өркүндөтүү үчүн бир  катар иштерди аткаруу керек», — деди Жумабеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>