Депутат Акаев: Бир үйгө канча адам каттоого турса, ар бир киши башына комуналдык кызматтарга акы алынсын

Депутат Акаев: Бир үйгө канча адам каттоого турса, ар бир киши башына комуналдык кызматтарга акы алынсын

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Жергиликтүү шайлоонун алдында айрым шаарларда убактылуу каттоого турган жарандар кескин көбөйүп жатканын айтып чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтуусунда, шайлоого 15 күн калганга чейин каттоого туруу үчүн арыздар кабыл алынат, добуш берүүгө 10 күн калганда арыз кабыл алуу токтотулат.

«Мамлекеттик каттоо кызматы жана Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо боюнча келип түшкөн арыздардын бардыгын карап, актуалдаштырып, фиксация кылабыз», — деди Шалдабекова.

Жанар Акаев: «Жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоого чейин массалык түрдө каттоо дагы уланат экен да. Андай боло турган болсо ар бир үйгө канча адам каттоого турса, комуналдык кызматтарга ошончо кишинин башына каражат төлөшсүн», — деди.

Белгилей кетсек, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.

Ушул күндөрү Ош, Каракол, Токмок шаарларына миңдеген жарандар убактылуу каттоого туруп жатат. Мамлекеттик каттоо кызматы мында эч кандай мыйзам бузуу жок экенин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>