Депутат Акаев чек ара боюнча: Жеңиш Разаков элден кечирим сурасын же кызматтан кетсин

Депутат Акаев чек ара боюнча: Жеңиш Разаков элден кечирим сурасын же кызматтан кетсин

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Жанар Акаев вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча митингге чыккандар боюнча айткан пикири үчүн отставкага кетиши керектигин билдирди.

«Жеңиш Разаков Ак үйдүн алдына митингге чыккан баткендиктер акча алды деп айткан.  Ал ушуну кантип айтты? Эл суукка карабай Баткенден келди, адилеттүү дооматтарды коюшту, аларды угуп коюнун ордуна Разаков алар акча алышты деп айтып жатат. Бул элди мазактоо. Жеңиш Разаков ошол сөзүнө жооп бериши зарыл. Болбосо сот алдында жооп бериши керек. Бүгүндөн калбай элден кечирим сурашы шарт. Факт жок. Бул чоң ката. Ал ошол сөзү үчүн кызматын тапшырышы керек», — деди Жанар Акаев.

Белгилей кетсек, кечээ, 21-январда Жеңиш Разаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, митингге чыккандардын бардыгы акчага сатылгандар экенин билдирген

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>